Кызыктар

Алдамчылардын тузагына түшүп калбаңыз: 4-сентябрга гороскоп

4-сентябрь – эмоционалдуу күн. Адам бул күнү эмне менен алектенбесин ал кызыктуу болот. Бирок бул күнү алдамчылардын да мүмкүнчүлүгү көбөйөрүн унутпаңыз.

Кой. Жогоруда айтылгандай, алдамчылар тузакка түшүрүүгө оңой күн. Ошондуктан ишенчээк эмес болсоңуз дагы, телефон алдамчыларынын арасында психологдор да бардыгын унутпаңыз. Өзүңүз тууралуу соцтармактарга азыраак маалымат жарыялаңыз, ошондо эң сонун күн болот, акча иштеп табуу жаатында дагы ийгилик жылмаят.

Букачар. Кызганычтан кызганган адам өзү гана жабыркайт. Ушул нерсеге жол бербесеңиз анда күнүңүз эң сонун болот, бирок кайсы бир убакта күчүңүз азайганын сезесиз. Бирок кечинде кайра баары калыбына келет.

Эгиздер. Бул күнү бардык нерсе сиздин пайдаңызга иштейт, минустар дагы плюска айланат. Башкысы майда нерселерге азыраак башты оорутуп, сизге айтылгандардын баарына эле ишене бербеңиз.

Бөйөн. Позитивдүү күн, тиричилик жана турак жай маселелерин чече аласыз, аны менен катар капчыгыңызга акча түшөт. Жаман жагы: бирдемени жоготуп же унутуп калуу коркунучу бар, ошондуктан баамчыл болуңуз.

Арстан. Бүгүн балким эч жакка чыкпай, өзүңүзчө болуп турасыз? Дайыма көңүл чордонунда жүрө берүү чарчатат, дайыма пайдалуу боло бербейт. Акча жаатында: канча акчаңыз бардыгын ачык айта бербеңиз!

Бийкеч. Бул күн сюрпризи менен болот, ал жагымдуу, бирок техникалык коопсуздукту да унутпаңыз. Сизди кайсы бир иш чарага чакырышы мүмкүн, бирок кызыктуу болот деп айтыш кыйын, анткен менен өзүңүзгө кандайдыр бир пайда ала аласыз.

Тараза. Эски досторуңузду жана мурдагы кесиптештериңизди эстейсиз, балким аларга сиздин же сиздин жардам аларга керек болот. Жалпысынан тынч, ийгиликтүү күн, бирок азык-түлүк жана дары сатып алаарда этият болуңуз.

Чаян. Кимдир бирөө менен кайсы бир иш боюнча макулдашууга бара аласыз, кандайдыр бир тирешүүнү токтотосуз. Жалгыз бой “чаяндарга” кечти көңүлдүү маанайда өткөрүү сунушталат, бүгүнкү кечтин сизге деген сюрпризи бар.

Жаачы. Романтикалык фронтто жагымдуу окуя болот. А акча сизден качып кетиши мүмкүн – аны камап салыңыз. Жагымдуу нерсе боюнча: жетекчилик кайсы бир суранычыңызды аткарат же карьераңызда тепкичке көтөрүлөсүз.

Текечер. Сиз ашыкча акча төлөп же керексиз нерсени сатып алуу коркунучунда калышыңыз мүмкүн. Жылдыздардын бул эскертүүсүн көңүлгө алыңыз. Болбосо күн кадимки эле жумуш күнү. Бирок кеч жагымдуу окуялар менен коштолот.

Суу пери. Иш тармагына байланышкан нерселердин баарында жолуңуз болот. Жеке жашооңузду айта турган болсок, баары эле кубанычтуу боло бербейт, талаш-тартыш, коркутуу, түшүнбөөчүлүк орун алат.

Балыктар. Жаман эмес күн. Болбогон нерсеге деле ачууңуз келип алагды болушуңуз мүмкүн, бирок күндүн экинчи жарымында баары ордуна келет. Каржылык абалыңызды жакшыртып алууга мүмкүнчүлүк бар, бирок алдамчылардан этият болуңуз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button