Алиев: Жок дегенде 5 жыл иштебеген кыргызстандыктар пенсия албай калышы мүмкүн

Кыргызстандыктар пенсия алгысы келсе жок дегенде беш жылдык стажы болушу керек. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев брифингде билдирди.
Ал 1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсия көтөрүлгөнүн, ага ылайык эми эң ылдыйкы пенсия 6 миң 900 сом болоорун белгиледи.
Ошондой эле учурда минималдуу эмгек стажы беш жыл экенин айтты.
«Белгилей кетсем, реформанын алкагында эмгек стажына эркекте үчүн куралдуу күчтөрдөгү кызматы, аялдар үчүн мурда эки балалуу экени эске алынса, азыр үч бала болуп, кошулду. Эми стаж үчүн 9 жылды алмай болдук, жогорку билим анан дагы беш жыл», — деди ал.
Айтымында, мындай стажы жоктор карылык үчүн пенсия алышат. Ал республикалык бюджеттен бөлүнүп, 2 миң сомду түзөт. Эмгек стажы жок адамдардын пенсиясы көтөрүлөбү же жокпу — Соцфонд төрагасы бул боюнча жооп бербей албай турганын билдирди.
Ал кошумчалагандай, пенсия пенсиялык куракка жеткенде гана, аялдар 58, эркектер 63 жашынан кийин гана белгиленет.



