Коом
Араванда таанышын зордуктоого аракеттенген жаран кармалды

Ош облусуна караштуу Араван районунун тургуну зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 27-сентябрда болгон. Дөбө-Коргон айылынын 32 жаштагы тургуну милиция кызматына кайрылып, үйүнө айылдашы келип, эшикти жаап зордуктоого аракеттенгенин билдирген.
Арыз каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. 28 жаштагы шектүү кармалды. Тергөө амалдары уланууда.