Окуучулардын медициналык маалым каттары электрондук форматка өткөрүлдү

Окуучулардын 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалым каттары электрондук форматка өткөрүлдү. Бул өзгөртүү «Өкмөттүк акселераторлор» 100 күндүк программасынын алкагында ишке ашырылган үч реформанын бири болгонун министрлер кабинетинен билдиришти.
Ага ылайык, эми ата-энелер балдарынын медициналык документтерин «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу көрө алышат. Жаңы система ден соолук боюнча маалым каттарды кагаз түрүндө мектепке өткөрүп берүү машакатын жоюп, ата-энелердин жана медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтат. Реформанын натыйжасында бюджеттен 50 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлөт дешти.
Ошондой эле программанын алкагында чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар үчүн пенсиялык камсыздандырууга кошулуу да жеңилдетилди. Эми алар Кыргызстанга келбестен эле «Түндүк» жана «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу катталып, ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн банктык карта менен төлөй алышат.
Мындан тышкары, медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия алуу онлайн-форматка өткөрүлдү. Ишкерлер арыз берип, документтерди тапшырып жана анын каралышын аралыктан көзөмөлдөй алышат. Натыйжада лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды.



