Коом
Кыргызстанда эң көп пенсия мурдагы президенттердики эмес, анда кимдики?

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында Кыргызстанда эң көп пенсия биз ойлоп жүргөндөй мурдагы бийлик ээлерине эмес, башка адамдарга тийиштүү экенин билдирди.
Айтымында, эң көп пенсияны мурдагы президенттер же Жогорку Кеңештин мурдагы спикерлери же мурдагы премьер-министрлер албайт.
Бирок ал жогорку пенсия кимдин капчыгын кампайтып жатканын ачыктаган жок, «андай кылууга укугу жоктугун» белгилеп, болгону жогоруда аталган мурдагы бийлик ээлеринин пенсиясы орто өлчөмдө экенин гана айтты.



