Коом

Ибраев: 2025-жылы Кыргызстан 3 млрддан ашуун электр энергиясын импорттоону пландап жатат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жылы Кыргызстан 12,4 миллиард кВт-саат электр энергиясын өндүрүүнү пландап жатканын билдирди.

Ал белгилегендей, бул Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 1,2-1,3 миллиард кубка көп болгону менен байланыштуу.

«Бишкек ЖЭБи боюнча эле 1 млрд 900 кВт -саат электр энергиясын иштетүү пландалып жатат. Казакстандан 1,5 млрд, Россиядан 200 млн, Түркмөнстандан 1,7 млрд, Өзбекстандан 500 млн кВт-саат электр энергиясын импорттоо каралып жатат. Ошону менен жалпысынан 2025-жылы электр энергиясын 3 млрд 900 млн кВт-саат көлөмүндө импорттоо пландалган», — деди министр.

Айтымында, электр станциясынын негизги бөлүгүн оңдоо иштери аягына чыкты. Калган бөлүгү ушул жылдын 1-ноябрына чейин оңдолуп бүтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button