Коом

Улгайган адамдарга кеңеш: сиздин убактагы жана азыркы жаштарды салыштырбаңыз

Психологдор төмөнкү  11 кеңеш менен күндү баштап, аны менен күндү аяктоону сунушташат. Анда эмесе, эстеп калыңыз.

1. Эч кимге акыл үйрөтпөңүз. Сиздин айтканың чын экенине көзүңүз жетип турган чакта дагы. Сизге да бирөө акыл үйрөтсө кандай кыжырыңыз келээрин эстеңиз. Анан сиз да улуулардын акылына кулак салдыңыз беле же жокпу… аны да ойлоңуз.

2. Сизден сурабаган учурда жардам берүүгө шашылбаңыз. Эч кимге өзүңүздүн жардамыңызды сунуштап, жабышпаңыз. Жакындарыңызды жашоонун бардык кыйынчылыгынан куткарып калууга аракеттенбеңиз. Жөн гана аларды жакшы көрүңүз.

3. Даттанбаңыз! Ден соолугуңузга, коңшуларыңызга, өкмөткө, пенсиялык фондко – иши кылса жашоонун кайсы сизге жакпаган көрүнүшү болсо, дароо эле аны сындап, наалып баштаганды токтотуңуз. Подъезддин боюнда отуруп, наалыган карыларга окшошуудан качыңыз.

4. Балдарыңыздан ыраазычылык күтпөңүз. Эсиңизде болсун: ыраазы болбогон балдар жок – балдарынан ыраазычылык күткөн келесоо ата-энелер бар.

5. “Мен сенин курагыңда…”, “Мен сага эң жакшы жылдарымды бергем…”, “Мен сенден улуумун, ошондуктан сенден жакшы билем”… деген сыяктуу сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз. Мындай сөздөрдү көтөрүп болбойт!

6. Эгер неберелериңиз болсо, “чоң эне эмес, апа деп айт” же “чоң ата дебей ата де” деген сыяктуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракеттенбеңиз. Жаш бала сизди кандай кабыл алса, ошондой атайт.

7. Акыркы акчаңызды жашартуучу процедураларга коротпоңуз. Бул акылга сыйгыс. Андан көрө саякаттоого коротуңуз.

8. Караңгы бөлмөдө күзгүдөн каранбаңыз жана макияж жасабаңыз. Өзүңүзгө кошомат кылбаңыз. Мүмкүнчүлүккө жараша жарашыктуу көрүнүүгө аракет кылыңыз. Жаш көрүнүүгө эмес, жарашыктуу көрүнүүгө. Ишенип коюңуз – бул эң жакшы.

9. Өмүрлүк түгөйүңүздү колдой билиңиз, ал бырышы көп, алсыз, сүйлөөк карыга айланган учурда дагы. Качандыр бир ал шайыр, жаш, күчтүү болгонун унутпаңыз. Анын үстүнө карыган сайын өмүрлүк жолдошуңуз сизди жаш, сулуу кезиңизде көргөн жалгыз адамга айлана баштайт. Балким ушул учурда бир гана түгөйүңүзгө чындап керексиз.

10. Кандай болбосун мезгилдин этегинен кармап калууга аракеттенбеңиз: жаңы технологияларды өздөштүрүп, жаңылыктарды күн сайын карап, “жашоодон артта калбаш үчүн” дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп. Бул күлкүлүү. Сизге жаккан нерсени гана жасаңыз.

11. Өзүңүздү эч убакта күнөөлөбөңүз. Сиздин жашооңуз же балдарыңыздын жашоосу кандай болсо дагы – сиз колуңуздан келгендин баарын жасадыңыз.

12. Анан кандай кырдаал болбосун баркыңызды түшүрбөй сактаңыз! Акыр аягына чейин!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button