Турумбеков: Турак жайыңызды камсыздандырбасаңыз сата албайсыз

Кыргызстанда ар кандай табият кырсыктарынан жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү үчүн аларды алдын ала камсыздандыруу керек. Бул тууралуу «Биринчи радиодо» Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбеков билдирди.
Белгилей кетсек, ӨКМ 2024-жылдын 8 айында өлкөдө 331 сел катталып, анын айынан 5354 турак жай жабыркаганын билдирсе, Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, жаратылыш кырсыктары 1,5 пайызга өскөн. Мындан улам Кыргызстанда турак жайларды камсыздандыруу милдеттүү түрдө боло баштады.
«Министрлер Кабинетинин токтомдорунун негизинде, турак жайларды камсыздандыруу көбөйө баштады. Мурда 10 пайыздын тегерегинде гана камсыздандырылса, азыр 15 пайызга жетти. Шаар жерлеринде турак жай камсыздандырылбаса, аны ээси сата албайт. Камсыздандыруу жылына бир жолу гана болот, үйдү саткандан кийин камсыздандыруу полиси кийинки ээсине калат», — деди ал.
Айтымында, камсыздандыруунун баасы салыкты кошкондо шаарда — 1236 сом, айылда — 618 сом. Ошондой эле, 1-2-топтогу майыптарга 100 пайыз, 3-топтогу майыптарга жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине, Чернобыль авариясынын катышуучуларынын жесирлерине 50 пайыздык жеңилдиктер каралган.



