Бөлмөнүн жытын жагымдуу кылам десеңиз…

Алдыда жылдын суук аба ырайы орун алчу мезгилдери келатат. Бул учурда жаз-жайдагыдай терезе-эшиктер көп ачылбайт. Ошол эле учурда үйдүн ичиндеги абаны тазалап, жагымдуу жыт орнотууну каалайбыз. Анда, төмөнкү кеңеш сиздер үчүн.
Үйдүн ичине жагымдуу жыт орнотуу үчүн лимондун кабыгы, апельсиндин кабыгы, кофе даны жана кардамон керектелет.
Күз, кыш – апельсин жана лимондун мезгили эмеспи. Аларды жегенден кийин кабыгын ыргытпаңыз. Аны жайып, кургатып алып, андан соң блендер же кофе майдалоочу жабдыкка салып, улпак түрүнө келтириңиз. Алынган улпакка бир ууч кофе данын жана бир чымчым кардамонду кошуңуз (эгер кардамон жок болсо, аны кошпой койсо деле болот). Даяр болгон улпакты кездемеден жасалган кичинекей мүшөкчөлөргө салып, кооз бант менен байлап, үйдүн ар кайсы бурчуна илип салыңыз. Андан чыккан жагымдуу жыт тез эле бөлмөнү толтурат. Бул табигый нерселерден жасалгандыктан башты да оорутпайт.
Дагы бир кытай элинин эзелки ыкмаларынын бири: бул эгерде сизге тез арада бөлмө жытын тазартуу керек болсо колдонулат. Кытайлар мындай учурда жаңы сыгылып алынган апельсин маңызы менен кадимки антисептикти аралаштырышат. Аны атайын чачкыч идишке куюп, бөлмө бурчтарына бир эки жолу чачып коюшат. Кандай бөлмө болбосун, заматта жыты сыйкырдуу болуп чыга келет, өзүңүздү кудум эле апельсин багында жүргөндөй сезесиз.



