Коом

Депутат министрге: Чет өлкөдө менин балам, сиздин балаңыз — байлардын балдары окуйт

Бир гана “Акылман” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө эмес, жалпы билим берүү мектептерин артыкчылык менен аяктаган, ОРТдан мыкты балл алган бүтүрүүчүлөргө да кадрлар резервине сынаксыз кабыл алынуу мүмкүнчүлүгү берилиши керек. Мындай пикирин депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эске салсак, парламент Юстиция министрлигинин “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жана “Эл үмүтү” стипендиясынын ээлерине артыкчылык берүүгө багытталган мыйзам долбоорун карап жатат. Анда аталган жарандарды кадрлар резервине сынаксыз кабыл алуу сунушталган.

Депутат Кунзунбек Сулайманов бул мыйзам долбоору кабыл алынса, жалпы билим берүү мектептеринин репутациясы жабыркашы мүмкүндүгүн белгиледи. “Акылман” лицейинин бүтүрүүчүлөрү жана “Эл үмүтү” стипендиаттары чындап эле татыктуу билим алышкан болсо, анда алар кадрлар резервине кабыл алуу боюнча сынактан кыйналбай эле өтүп кетишет. Чет өлкөдө ким окуй алат? Менин балам, сиздин балаңыз – байлардын балдары окуйт. Колунда жок адамдын баласы ал жакка бара албайт”, — деди депутат юстиция министри Аяз Баетовго кайрылып.

Билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева мында социалдык дискриминация жоктугун белгиледи. “Стипендиаттар бир нече багыттар: климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугу, компьютердик инженерия, медицина жана биомедицина боюнча тереңдетилген билим алуу максатында магистратурада окушат”, — деди ал.

Айтымында, президенттик лицейде ар кайсы аймактагы таланттуу балдар жашоо-турмушуна жана улутуна карабай билим алышат. Талапкерлер көз карандысыз тандоодон өтүшөт. Ушул сыяктуу лицейлер жакында өлкөнүн бардык республикаларында ачылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button