Коом

«Бишкек-Ош» жолундагы унаа кыймылына чектөө алынды

«Бишкек-Ош» жолундагы унаа кыймылына коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу ашуусунда мурда пайда болгон унаа тыгыны толугу менен жоюлган. «Сосновка» жана «Арал» постторунда жеңил жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды.

«Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу № 9 жол тейлөө ишканасы тарабынан кошумча техника жана жумушчу күчтүн жардамы менен жолду тазалоо, тайгакка каршы инерттүү материалдарды кошуу жана кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти башкармалыктан.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев баштаган министрликтин жетекчилеринен турган топ Төө-Ашуу ашуусундагы абалга көз салууда.

Ведомстводон белгилегендей, кечээ Төө-Ашуу ашуусунда жайкы дөңгөлөктөрү бар, кардын чынжырлары жок унаалар, ошондой эле каршы тилкеге ​​чыгып кеткен унаалар тарабынан жасалма тыгын пайда болгон. Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды зарылчылык болбосо алыскы жолго чыгуудан баш тартууга чакырган. Ал эми ашуулардан өтүүнү пландап жаткандар унаасынын дөңгөлөктөрүн жайкысын кышкысын алмаштырып, кардын чынжырчаларын тагынышы керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button