Коом

Телеграм колдонуучуларынын маалыматтары уурдалып жатат. Кантип?

Телеграм социалдык тармагынын колдонуучуларынын аккаунтун жана маалыматын уурдоонун жаңы ыкмасы табылды. Ал кантип иштейт?

Колдонуучуга техколдоонун өкүлдөрүнүн атынан билдирүү келет, анда сиздин атыңыздан аккаунтту өчүрүүгө арыз берилгени, аны жокко чыгаруу үчүн смс-билдирүүнүн кодун жазыш керектиги айтылат.

Андан соң көз боемочу Телеграм же «Мамтейлөөнүн» жасалма сайтынын шилтемесин жөнөтөт. Ошол жерге колдонуучу телефон номерин калтырып, авторизациядан өтүшү керектигин айтат.

Колдонуучу телефон номерин жазаары менен телефонуна бир жолку колдонулуучу код менен билдирүү келет, аны көз боемочулар дароо көрөт.

Андан ары көз боемочулар алынган маалыматты колдоно башташат, аны колдонуучунун жеке банк кабинетине кирип, акчаны чыгарып кетүүгө да пайдаланышат.

Ошондуктан, сак болуңуз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button