Коом
Алдамчылар тапкан акчасын онлайн-акча алмаштыруу жайынан алмаштырышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Улуттук банктын төрагасынын орун басарына Кыргызстанда онлайн-акча алмаштыруу жайлары барбы жана аларды Улуттук банк көзөмөлгө алабы деген суроо берди.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиевдин айтымында, онлайн-акча алмаштыруу жайлары мессенджерлер, анын ичинде Телеграм аркылуу мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп келет.
«Бир жылдан бери укук коргоо органдары менен биргеликте мындай лицензиясы жок иштеген жайларды токтотуу боюнча иш жүргүзүп келебиз», — деди ал.
Исатбек кызы алдамчылар жарандарды алдап тапкан акчаларын ошондой акча алмаштыруу жайлардан алмаштырышы мүмкүндүгүн белгиледи.



