Коом

Билим берүү жана илим министрлигинде 414 547,4 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды

2022-жылга карата КР Билим берүү жана илим минитсрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй бузуулар аныкталган:

Бардык мыйзам бузуулардын аныкталган суммасы – 414 547,4 миң сомду түздү, калыбына келтирүүгө тийиш – 154 180,0 миң сом; калыбына келтирилди – 78 200,1 сом. Анын ичинен:

  1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол берилген бузуулар – 10 314,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш — 422,8 миң сом.
  2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 150 478,2 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 41 626,7 миң сом; Калыбына келтирилди — 425,1 миң сом.
  3. Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 123 839,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш — 87 255,2 мин сом; Калыбына келтирилди — 72 842,3 миң сом.
  4. Эсептин жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 89 191,1 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 24 539,0 мин сом; Калыбына келтирилди – 4 932,7 миң сом.
  5. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 39 053,6 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 336,3 мин сом.
  6. Коллизиялар жана ченемдик укуктук актыларды жана эл аралык келишимдерди процедуралык бузуулар — 1 670,8 сом.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button