Кара-Сууда унаалардан уурулук жасаган шектүүлөр кармалды

2024-жылдын 25-февраль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө жаран 1970-жылы туулган К.Д. арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнө таандык болгон оор жүк ташуучу унаасынын 2 даана аккумуляторун белгисиз атуулдар уурдап кетишкендигин билдирген.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Р.уулу Т., 2005-жылы туулган О.уулу Р. жана Ысык-Көл облусунун 2004-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары кармалышып, камакка алынышты.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн ушул сыяктуу ондон ашык кылмыштарды жасагандыгы аныкталды.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.



