Мектептерде окуучуларды ысык тамак менен камсыздоого тоскоолдуктар жаралууда

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейин жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинованын айтымында, өлкөдө 245тей окуучуну мектепте бир маал ысык тамак менен камсыздоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
«Бүгүнкү күндө ысык тамак менен 300 билим берүү мекемелери камсыздалган, жалпы 244 миң 933 окуучу. Кеп ашканасы жок же анда ремонт болбогон же таза суу менен камсыздалбаган мектептер жөнүндө болууда», — деди ал.
Айтымынла, мисалы Ош шаарындагы 70 мектептин 29у гана ысык тамак менен камсыздалган. Калган мектептерде окуучуларга булочка менен чай гана берилет.
«2025-жылы 20 билим берүү мекемелерине ысык тамак берүү пландалып жатат. Бирок азык-түлүктөгө болгон баанын жогорулашы, мектептеги тамак-аштын сапатын көзөмөлдөөнүн жоктугу, таза суу жана канализациянын жоктугу, мектеп ашпозчуларынын айлык акысынын төмөндүгү, жергиликтүү бюджеттен каржылоо — булар бул маселени ийгиликтүү чечүүгө тоскоолдук жаратууда», — деди ал.



