Ошто 13 гектар жерде жаңы көрүстөн ачылат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Төлөйкөн кечээ, 21-октябрда муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы борбордук көрүстөндү уюштуруу иштерин жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы көрүстөн үчүн жалпы 13 гектар жер бөлүнгөн. Ага баруучу жолго толук асфальт басылып, жарыктандыруу үчүн мамычалар орнотулду. Көрүстөндүн айланасына тосмо, суу резервуары курулуп, атайын шаймандарды сактоого контейнер коюлду.
Учурда коомдук транспорт үчүн аялдамдарды уюштуруу, ирригациялык тармактарды, тротуарларды куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жарандарды тейлөө бюросу тарабынан 10 млн сомдук демөөрчүлүк жардам тартылган.
Ош шаарында жалпы 13 көрүстөн бар, анын ичинен 7сү иштеп жатат. Ош шаарындагы биринчи борбордук көрүстөн 50 жылдан ашык убакыт мурун негизделген жана 80 пайызга толуп калган.



