Коом

Милиция кызматкерлеринин мыйзам бузганын видеого тарткандар жазаланбайт

Жогорку Кеңештин депутаттары милиция кызматкерлерин видеого тартып соцтармактарга жарыялагандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун карашты.

Депутат Арсланбек Эгембердиев мыйзам долбоору жарандарды адашууга түртүп, милиция кызматкерлерин такыр видеого тартууга болбойт деген түшүнүккө алып келип жатканын билдирди.

Ал милиция кызматкерлеринин эреже бузууларын чагылдырган видеонун авторлору да жоопкерчиликке тартылабы деп сурады. Мисалы, милиция кызматкери мас абалында автоунааны башкарып баратса.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Сүйүн Өмүрзаков мындай учурда жоопкерчилик жок экенин белгиледи. «Биз мамлекеттик кызматкерлерди кызматтык милдетин аткарып жатканда, мисалы, медиктерди, милиционерлерди тартып, интернетке туура эмес жагынан көрсөтүп жарыялаган учурларга гана басым жасап жатабыз», — деди Өмүрзаков.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button