Коом

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча Башкармалыгынын Ак-Суу районунун бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 2025-жылдын 27-декабрында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча Башкармалыгынын Ак-Суу районунун бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды.

Салтанаттуу иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы генерал-полковник К.Ташиев, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ Б.Жетигенов, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, УКМК ардагерлери жана Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Аталган бөлүмдүн жаңы имараты 18 сотых жер тилкесинде жайгашып, имараттын өзүнүн аянты 240 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери жогорку сапатта жүргүзүлүп, заманбап жана экологиялык таза материалдар колдонулган. Куруу иштери 2025-жылдын 1-июнунда башталып, декабрь айында пайдаланууга берилди. Имарат эки кабаттан турат жана заманбап шарттар менен камсыздалган.

 Өз кезегинде УКМК төрагасы жаңы имараттын  курулушу аскер кызматкерлеринин өз кызматын так аткарууга маанилүү кадам болуп, өлкө коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болорун белгиледи.

Ошондой эле төрага, ушуну менен Ысык-Көл облусунда УКМК кызматкерлери үчүн бардык имараттар жаңыланып, керектүү шарттар түзүлүп бүткөндүгүн кошумчалады.

Аны менен катар генерал-полковник К.Ташиев жакында эле өз күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 47 жаштагы келин тууралуу маселе көтөрдү.

Анда төрага коомубузда өзгөчө кыз-келиндерге  болгон зордук-зомбулуктун алдын алууга бардык  укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү жооптуу экенин баса белгилеп, атып өлтүрүлгөн келиндин коопсуздугуна болгон  кайдыгерликти сындады.

“3 баланын энесинин өлүмү укук коргоо органдарынын, коопсуздук кызматынын, прокуратура кызматкерлеринин шалаакылыгынын негизинде болду. Анткени каза болгон келиндин колунда коргоо ордери болгон. Бирок, орган кызматкерлери тарабынан эч кандай чаралар  көрүлгөн эмес. Андыктан, бул кылмышты катуу тергейбиз жана укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин сөзсүз карайбыз. Мындан ары кайсылдыр бир райондо, айылда, шаарда ушундай фактылар орун алса, ошол жердин ЖӨБОнун жетекчилиги, милиция кызматкерлери, УКМК кызматкерлери, прокуратура баарыңар жооп бересиңер жана жоопко тартыласыңар! Кабинетте олтура бербестен, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, кыдырып чыккыла. Аялдарга жана  балдарга болгон зомбулук фактыларын аныктап, алып чыккыла!” — деп белгиледи К.Ташиев.

 Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө генерал-полковник Ак-Суу районунун бөлүмүнүн жаңы имаратынын лентасын кесип, ичинде түзүлгөн шарттар менен таанышып, кызматкерлердин ишине ийгилик каалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button