Коом
Кенжебаев: Жергиликтүү кеңештин депутаттары сессияга катышпайт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат аманкан Кенжебаев жергиликтүү кеңештин сессияга катышпаган депутаттарына чара көрүүнү сунуштады.
Айтымында, сессияларга онлайн-каттоо уюштуруп, депутаттардын келген-келбегенин текшерип туруу керек. Болбосо спикер депутаттар келди дейт, а иш жүзүндө келбеген болуп чыгышат.
БШКнын төрагайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 2021-жылдагы мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, депутат 4 жолудан ашык сессияга себепсиз катышпай турган болсо, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.



