Коом
Депутат Бишкекте автобустар абдан кеч жүрүп жатканына нааразы болду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов Бишкекте кайсы бир автобуска түшүү үчүн абдан көп күтүүгө туура келерин айтты.
Ал белгилегендей, ага кошумча автобустарда абдан жүргүнчү көп, батпай калгандар кайра эле кийинкисин күтүп калышат. Ошондуктан депутат автобустардын интервалын кыскартууну сунуштады.
Депутат автобустарда жарандар накталай эмес төлөм төлөөдө кыйналып жатканын да кошумчалады.



