Коом

Эми мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт

2026-жылга чейин мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт. Бул тууралуу Улуттук банктын токтомунда айтылат.

Ага ылайык, 2025-жылдын 31-декабрына чейин коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу улуттук валютада жеке кардарлардын акча которуулары үчүн комиссия алынбайт.

Бул чаралар өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттырууга шарт түзөрү айтылган.

Токтом жарыялангандан бир айдан кийин (24-ноябрда) күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button