Коом

100 жашка чукулдаган Кудайберген Чороевге ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан 100 миң сом берилди

Улуу Ата-Мекендик согуштун жылдарындагы оруктун кайратман эмгекчиси, ИИОнун ардагери Кудайберген Чороевге ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун атынан 100 миң сом тапшырылды. Акчалай белек кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата берилип жаткандыгы белгиленди.

Акчалай белек жана аксакалдын небересине “Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 100 жыл” жазуусу түшүрүлгөн футболка, кепка, блокнотту Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев тапшырып, 97 жаштагы Кудайберген Чороевге бекем ден соолук каалап, төрдүн көркү болуп, ар дайым ак батасын берип жүрүүсүнө тилектештигин билдирди.

Милициянын отставкадагы майору Кудайберген Чороев 1928-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. 1947-жылы Орусиянын Москва шаарында аскерде кызмат өтөп, Свердлов облусунда согуш жылдарында соттолгон жарандарды коштоп жүрүү тобунун башчысы болгон. Аскерден келгенден кийин ички иштер органдарына кабыл алынып, 30 жылга жакын кызмат өтөп, 1978-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 19 жыл облустагы Социалисттик менчикти уурдоо жана алып сатарлык менен күрөшүү бөлүмүн жетектеген.

Жаш курагына карабастан кайраттуу жүргөн аксакал башынан өткөргөн кызыктуу окуялары менен бөлүшүп, ИИМдин жана Талас ОИИБдин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук каалап, өлкөбүздө тынчтык болуусун тилеп, ак батасын берди. Сыйлык тапшырууга Талас ОИИБдин жетекчилиги менен кошо барган жаш кызматкерлерди өлкөбүз үчүн талыкпастан, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button