Коом

Азат Козукеев: ИДПнын өсүшүнө тейлөө жана курулуш тармагы чоң салым кошту

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козукеевдин айтымында, инфляция көрсөткүчү орточо чекте калууда.

Ал белгилегендей, 2024-жылдын 18-октябрына карата, инфляция жылдык эсепте 4,6 пайызды түздү. Бардык товардык топтордогу инфляция түзүмүндө өсүш темпи жайлаганы билинүүдө.

«Алдын ала божомолдорго караганда, октябрда азык-түлүктөргө болгон баанын жылдык өсүш темпи 2,4 пайызды түздү, азыктык эмес товарларга 4,1 пайыз, кызматтарга 8,4 пайыз кымбаттоо болгон», — деди ал.

Ал ушул жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын реалдуу өсүшү 8 пайызды түзгөнүн белгиледи.

Айтымында, анын өсүшүнө кызмат көрсөтүү жана курулуш тармагы чоң салымын кошкон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button