Коом

«Кумтөргө» Бөлтүрүктүн ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Алмаз Барыктабасов «Кумтөр голд компани» компаниясынын президенти болуп дайындалды. Ал эми Болотбек Идирисов башкаруучулуктун төрагасы болду. Бул тууралуу «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, бул адамдар аталган компанияда буга чейин эмгектенишчү.

Эске салсак, Эсеп палатасы «Кумтөр» компаниясын текшерип, жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар аныкталган. Мындан улам ишкананы буга чейин жетектеп келген Теңиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызаттарынан четтетилген.

Теңиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button