Коом

УКМК: Таласта мыйзамсыз менчиктештирилген 845 миллион 849 миң сомдук жер тилкеси кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “Э.А.Х” ЖЧКсынын автомектебине таандык, аянты 5,5 га, базар баасы 845 млн.849 миң 503 сом болгон жер тилкеси Талас шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды.

Алынган ыкчам маалыматтар боюнча, аталган жер тилкеси КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Р.Жээнбековдун аффилирленген жактарына мыйзамсыз берилген.

Тактап айтканда, Талас шаарынын мэриясынын кызмат адамдары “А.Т.”  автотранспорт ишканасы акционердик коомунун администрациясы менен сүйлөшүп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Э.А.Х” ЖЧКсына жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз каттап беришкен. 

Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтарып алууга багытталган тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button