Коом

Кыргызстанда орточо айлык 35,8 миң сомду түздү

Кыргызстанда быйыл тогуз айда (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акы 35 миң 791 сомду түзүп, 2023-жылдын 9 айына салыштырмалуу 11,8 %га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. 

Ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 6,7 %га өстү.

Белгиленгендей, 2024-жылдын январь-сентябрында 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырганда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо — 30,3 %га, курулуш — 27,2 %га, башка тейлөө ишмердиги — 26,4 %га, кыймылсыз мүлк операциялары — 23,3 %га өскөн. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button