Коом

Камчыбек Ташиев: Маморгандарда иштегендер, бирөөңөр бир партияга агитация кылсаңар, жооп бересиңер!

Камчыбек Ташиев 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге өтө турган шайлоого карата чиновниктерге кайрылды. 

Ал бийлик алдыдагы шайлоону таза өткөрүүгө болгон күчүн жумшап жатканын, шайлоо күнү да агитация кылгандар тыкыр текшерилерин айтты. 

“Шайлоого бараткан 30дай кандитатты уюшкан кылмыштуу иштерге байланышы болгондуктан артка кайтардык. Мамлекет азыр бир да партияны, бир да кандитатты колдобойт. Эл шайласын. Кечээ эле бир чоң партиянын штабынан кандидаттар өзүлөрү уюштуруп, добуш сатып алууну жолго коюп коюшкан. Кимге канча бериш керек, баарын жасап алышкан. Мыйзам чегинде чара көрүп жатабыз, ошол партиядан 3-4 адамды камакка алдык”, — деди Ташиев. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button