Коом
Эми ID-паспортту Түндүк тиркемеси аркылуу алмаштырса болот

Санариптик өнүктүрүү министрлиги документин алмаштыра турган жарандар эми Калкты тейлөө борборлоруна барбай эле койсо болорун билдирди.
Бирок мындай кызмат 2017-жылдан 2024-жылга чейин чыгарылган биометрикалык паспорту бар адамдарга гана көрсөтүлөт.
Өтүнмө “ID-карта алмаштыруу үчүн арыз” бөлүмү аркылуу жөнөтүлүп, 1-3 күн текшерилет. Паспорт даяр болгондо тиркемеге билдирүү келет, документти ага чейин тандалган Калкты тейлөө борборунан аласыз.



