Коом
Дайынсыз болуп жаткан 2 бир тууган кароосуз калган үйдөн аман-эсен табылды

Чүйдө изделип жаткан эки бир тууган табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге ата-эне кайрылып, алардын 2012-жылы туулган уулу менен 2015-жылы туулган кызы 6-февралда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.
8-февралда милиция тарабынан эки бир тууган Аламүдүн-1деги кароосуз калган үйдүн жер төлөсүнөн табылган. Балдар ата-энесине өткөрүп берилди.



