Коом

УКМК: «Рус Коен» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, 2024-жылдын 16 — ноябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн, К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө «Рус Коен» же «Руслан Бостери» деп аталган КР жараны Дуйшеев Руслан Бекбоевич кармалды.

Аталган Р.Дүйшеев Камчы Асанбектин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон.

Ошондой эле, колдо болгон маалыматтарга ылайык, издөөдө жүргөн Р. Дүйшеев КР УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан.

Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен Р. Дүйшеевге уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун тергөө органдарынан жашырынып жүргөн башка активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button