Луврдан уурдалган экспонаттар 88 млн евро зыян келтирди
Париждеги Лувр музейиндеги тоноодон келтирилген зыян 88 млн евро деп бааланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта белгиленгендей, уурулар үч күн мурун Луврдагы «француз таажысынын асыл таштары» сакталган галереяга киришип, «баа жеткис маданий мурастын» сегиз даанасын уурдап кетишкен.
«Бул абдан чоң сумма, бирок тарыхый зыян менен салыштырганда эч нерсеге татыбайт», — деди прокурор Лор Беко
Уурулар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Франциянын маданият министри Луврдун коопсуздук системасы талаптагыдай иштегенин айтууда.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон музейдеги баалуу экспонаттар табылып, күнөөлүүлөр жоопко тартыла турганын белгиледи.
«Бул үчүн Париж прокуратурасынын жетекчилиги астында бардык чаралар көрүлүп жатат», — деген ал.



