Коом
Шашылыш билдирүү! Өлкөдө аба-ырайы кескин өзгөрөт

Эртеңден баштап Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен катуу жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
17-18-апрелдерде абанын температурасы:
◽Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°
◽Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°
◽Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13°
◽Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°
◽Нарын облусунда күндүз 1…6°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.



