Коом
Бекжан Үсөналиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн шаардык кеңештин 29-чакырылышындагы жаңы курам биринчи отурумун өткөрдү.
36 жаштагы Үсөналиев төрагалыкка жалгыз талапкер болду. Аны менен кошо талапкерлигин койгон Жылдызбек Абдраимов («Жаңы күч — Новая сила») өзүнүн кандидатурасын артка кайтарып алды.
Депутаттарга төш белгиси тапшырылып, ант беришти.
Эске салсак, 17-ноябрда өткөн шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 5 партиядан 51 депутат шайланган.



