Коом

Мыйзамдаштыруу баа – 100 миң сом. Чет өлкөлүк номерлүү унааларды каттоого насыя берилет

Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу үчүн мамлекеттик банктар унаа ээлерине 100 миң сомдук насыя берүүгө даяр. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Чечим процессти тездетүү максатында кабыл алынганы айтылды.

Өлкөдө абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу 1-апрелден тарта башталган. Мыйзамдаштыруунун баасы — 100 миң сом.

Каттоого керектүү документтердин тизмеси менен да таанышып алсаңыз болот.

Мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкү иштерди аткаруу керек:

аккредитациядан өткөн лаборатория тарабынан берилген транспорттун коопсуздугу тууралуу күбөлүк;

унааны сүрөткө тартуу менен визуалдык кароо жүргүзүлөт;

белгиленген формадагы арыз;

айдоочунун паспорту;

транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү (эгерде бар болсо);

транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документ (бар болсо);

транспорт каражаты издөөдө эмес, күрөөгө коюлбаган, үчүнчү жактар талашып-тартышпаган, камакка алынбаган жана такси катары пайдаланылбагандыгы жөнүндө милдеттенме;

чек арадан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Ал жок болгон учурда транспорт каражатын ташып келүү күнү 2024-жылдын 31-декабры болуп эсептелет;

каттоо үчүн төлөнгөн жыйымдардын квитанциялары, атайын бланктар жана каттоо белгилери;

мыйзамдаштыруу үчүн 100 миң сом төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.

Мыйзамдаштырылган унаа ээлерине 10-аймактын номери менен ыйгарылат.

Кошумчалай кетсек, бул унаалар мындан ары ээликтен ажыратылбайт жана Кыргызстандын чегинен тышкары экспортко чыгарылбайт, такси катары да колдонулушу мүмкүн эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button