Окуялар

Кореяда кыргызстандыктар 1 миллион доллардан ашык суммага алданып калды

Кореяда иштеген Кыргызстандын үч жараны  1,3 миллион доллардан ашык суммага алданып калышкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Алар унаа, телефон жана башка товарларды экспорттоп келишкен. Башка өлкөнүн жаранынын сөзүнө ишенип, акчаны криптавалюталык тутуму аркылуу которушуп, куру кол калышкан.

Мекендештер убагында укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Учурда бирөөсү гана Анян шаарынын полициясына арыз жазды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button