Коом
Быйыл Кыргызстанда түшүмдүүлүк салыштырмалуу төмөндөдү

2025-жылдын январь-июль айларында түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырганда төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, түшүмдүүлүктүн азайышы сугат суусунун жетишсиздиги, ошондой эле быйыл айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн былтыркыга салыштырмалуу 2-3 жума эртерээк бышып жетилгендигине байланыштуу.
“Натыйжада январь-июль айларында айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүү темпи жайлап, 2,3 %ды түздү. Ал эми былтыр, 2024-жылдын январь-июнунда 3.8 %га өскөн”,- деп билдирди министрлик.



