Коом

Майлуу-Сууда окуучудан кургак учук аныкталып, бирок дарыгер ага чара көрбөй койгон

Бул тууралуу шаардык прокурордун жардамчысы Нурайым Катаганова билдирди.


Анын айтымында, 5-март күнү 11-класста окуган кыздан “өпкөнүн ачык түрдөгү кургак учугу” бар экенин көрсөткөн рентгендин жыйынтыгы чыккан. Бирок бейтапкананын дарыгеры Санэпид борборуна билдирүү жибербей, ыкчам чаралары көргөн эмес. 

Аталган медик 29-февралда кызды текшербей туруп эле анын эмгекке жармдуулугу тууралуу маалым кат жазып бергени аныкталган. 

Кургак учуктун ачык түрүү жугуштуу болгондуктан мектеп дезинфекцияланып, карантин жарыяланышы керек эле, бул иштер кечтгүү менен жасалганы белгиленди. Кыздын классташтары медкароодон өткөрүлдү. 

Ал эми дарыгерге прокуратура тарабынан 10 миң сом айып салынды. Мектеп жетекчилигине да чара көрүү каралууда. Мамлекеттик органдарга прокурордук акт келтирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button