Коом

УКМК: Манас районунун аймагындагы 20млн 650миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан 59,0 га алма бак мамлекеттин менчигине кайтарылды. Анын болжолдуу баасы 20 млн. 650 мин сомду түзөт. 

 Сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгында, 2004-жылдан азыркы учурга чейин аталган алма бак өз багытында пайдаланылбай келгендиги аныкталып, жер тилкени мыйзамсыз пайдаланып жүргөн жаран, жер мыйзамдарын бузгандыгын мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button