Коом

Вьетнамдык адистер Бишкектеги саркынды сууну тазалагычтарын оңдойт

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча долбоор башталарын мэриядан маалымдашты.

SFC Investment Development for Environment жана Phu Dien Investment Construction and Trading компанияларынын консорциумдары менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюлду. Мэр Айбек Жунушалиев долбоор алкагындагы жумуштар өзгөчө көзөмөлдө болорун белгилеген.

«Бизге сапаттуу жабдууларды орнотуу маанилүү», — деген ал.

Долбоор саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды комплекстүү түрдө реконструкциялоого жана жаңылоого багытталган.

Долбоордо төмөнкү иштер камтылган:

ультра жарыктуу дезинфекциялуу системасын (хлорлоо технологиясынын ордуна) киргизүү жана жыттарды жоготуу;

суунун сапатын анализдөө үчүн лабораторияларды алдыңкы технологиялар менен жабдуу;

саркынды сууларды тазалоону көзөмөлдөөнү автоматташтыруу.

Долбоордун жыйынтыгында:

тазаланган саркынды суулардын сапаты улуттук жана европалык экологиялык стандарттарга жооп берип калат;

жыттарды жок кылуу системасын киргизүү аркылуу айлана-чөйрөгө терс таасир азаят.

Мэрия турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин белгилеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button