ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Военно-Антоновка балдар үйүнө жардам беришти

Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап, жарандардын бейпилдигин камсыздоодо ар дайым эл менен тыгыз байланышта кызмат өтөп, өз милдеттерин кынтыксыз аткаруу менен бирге ар кандай иш-чараларда активдүү катышып кайрымдуулук иштерин да көргөзүп келет. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 5-август күнү ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун №1-батальонунун өздүк курамы демилге көтөрүп, Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Военно-Антоновка ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мекемесине барып, азык-түлүк иретинде жардам көргөзүштү. Аталган балдар мекемеде 80ден ашуун балдар 1-класстан 9-класска чейин тарбияланып билим алышат. Өз кезегинде аталган балдар мекемесинин жалпы жааматы ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана өздүк курамына терең ыраазычылыктарын билдиришти.




