Дүйнө

Германияда аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткандар көбөйдү

Германияда аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткандардын саны кескин өстү. Бул тууралуу DW билдирди.

Funke медиатобунун маалыматына караганда, 2026-жылдын январь айынан августтун аягына чейин Германиянын Үй-бүлө жана жарандык коом маселелери боюнча федералдык ведомствосуна аскердик кызматтан баш тартуу боюнча 12,1 миң арыз түшкөн. Ошентип, баш тарткандардын саны 2025-жылдагы жалпы көрсөткүчтөн үч эседен ашты. Былтыр мындай арыздардын саны 3 879 болгон.

Баш тарткандардын санынын кескин өсүшүнө коопсуздук тармагындагы чыңалган кырдаал жана 1-январдан тарта күчүнө кирген Бундесверге аскерге чакырууну реформалоо боюнча мыйзам себеп болгон.

Мыйзамга ылайык, быйыл 18 жашка толгон жаштар атайын анкета толтуруп, Германиянын Куралдуу күчтөрүнө кошулууга даяр же даяр эмес экенин көрсөтүшү керек. Алар аскердик кызматтан баш тартарын алдын ала билдирүүгө укуктуу.

Германияда 2011-жылы токтотулган милдеттүү аскердик кызмат Бундестагдын чечими менен кайра жарым-жартылай киргизилиши мүмкүн. Ыктыярчылардын саны жетишсиз болгон учурда «зарылчылыкка жараша аскерге чакыруу» механизми колдонулмакчы.

2035-жылга чейин Германиянын Куралдуу күчтөрүндөгү аскер кызматкерлеринин санын азыркы 186 миңден 260 миңге чейин көбөйтүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button