Окуялар

УКМК: Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана табылды – ФОТО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан борбор калаада сойкукана уюштурууну аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган системалуу иш-чаралардын алкагында, 2024-жылдын 11-майында массаж салонуна жамынып, интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана уюштурган  КР жараны Д.А.Д. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган укалоочу жайда 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу дагы башка фактылар аныкталууда.

КР УКМК интимдик жайларды уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, ошондой эле сойкулукка тартуу жана аны менен алектенүү үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button