Дүйнө

Тибетте катуу жер титирөө болуп, жүздөн ашык адам көз жумду

7-январда, 6,8 баллга жеткен  жер титирөө   Кытайдын Тибет автономдуу районунун тоолуу Тингри уездинде таңга маал болгон. Тибеттеги зилзалада 126 дам каза болуп,  бир нече адам жаракат алганын РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып билдирди.

Маалыматта жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылат. Миңдеген имараттар кыйрап калган.

Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат. Жомолунгма тоосуна (Эверест чокусуна) кеткен жол туристтер үчүн жабылган.

Сейсмологдор андан кийин 49 афтершок болгонун айтышууда. Силкинүүнүн очогу ондогон чакырым тереңдикте экендиги айтылды.

Кырсыктын эпиборборунан 20 чакырымдай аралыкта, жака-белинде 30га чукул айыл-кыштактар бар. Анда баш-аягы 6,9 миңге чукул кишинин жашай турганы маалым болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button