Коом
Кыргызстанда жылкы жана эчки баккан мыкты фермерлер аныкталды
Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү асыл тукум жылкы жана жүн багытындагы эчки багуу менен алектенген мыкты фермерлерди аныктады.
Ведомстводон билдиришкендей, 2017-жылдан бери уяң жүндүү эчки багып келе жаткан фермер Сабыр Тойгонбаев жыл сайын бир эчкиден 250 граммга чейин кашемир жүнүн алып, кирешесин көбөйтүп келет.
Орто эсеп менен 100 эчкиден 135тен улак алып, жыл сайын 30-40 эчки сатат.
Ал эми, жылкычы Зейнеп Касымова 30 жылдан бери жаңы кыргыз жылкы породаларын багып келет. 2010-жылы анын чарбасына “асыл тукум жылкы чарбасы” макамы ыйгарылган. Учурда Зейнеп Касымованын карамагында кыргыздын жаңы породасындагы 115 жылкы бар.
2024-жылы 87 бээден 74 жылкы алган. Ал дайыма улуттук оюндарда байгелүү орундарды багындырып келет.