Депутат Экономика министрлигине: Силердин мыйзам долбоор бизнестин ишин жеңилдетпейт, кайра оордотот

Жогору Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Экономика министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорун сынга алды.
«Бул мыйзам долбоору силер алып келген тейде өтсө бизнестин жашоосун жеңилдетмек турсун, оордотуп, ар кандай текшерүүлөрдүн аралыгын азайтат», — деди ал.
Ошондой эле ал камералдык текшерүүлөр эмненин негизинде киргизилгенине кызыкты. Айтымында, ал прокуратура органдарынан каттоосуна кирбейт.
«Эмнеге камералдык текшерүүлөр прокуратура органдарынан каттоодон өтпөйт? Ошондо камералдык текшерүү менен бизнести текшерсе болот, башкача айтканда Салык кызматы күн сайын болсо да камералдык текшерүү жүргүзө берет экен да?» — деди ал.
Экономика министринин орун басары Назарбек Малаевдин айтымында, жеринде текшерүү менен камералдык текшерүүнүн айырмасы бар.
Ал белгилегендей, камералдык текшерүү иш кабинеттеринде болот. Текшерүүчү кабинетинде отуруп алып документтерди текшерет. Жумушчу комиссия бул текшерүүнүн түрлөрүн салыштырып көрүп, камералдык текшерүү прокуратура органына катталбаса болот деген жыйынтык чыгарган. А жериндеги текшерүүлөр сөзсүз түрдө прокуратура органына катталат, анткени анда байланыш болот.
Депутат текшерүүнүн кайсы түрү болбосун бизнеске тоскоолдук жаратаарын белгиледи.



