Коом

УКМК: «Раззаков-Бишкек-Раззаков» багыты боюнча авто унаа токтотуучу жайдын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

 Маалыматта айтылгандай, КР УКМК 2011-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, «Раззаков-Бишкек-Раззаков»багыты боюнча автотоктотмолор үчүн пайдаланылган жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.   

Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,15 га, базар баасы 22 млн.500 миң сом болгон жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын ММБнын балансына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button