Жаштардын кажыбас кайраты, аксакалдардын бай тажрыйбасы-кылмыштуулук менен күрөшүүнүн тиреги

2023-жылдын 26-январында Ош облустук Ички иштер башкармалыгын начальниги Жеңишбек Жоробеков иш сапары менен Ноокат жана Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүнө барды.
Алгач, иш сапарын Кыргыз-Ата айыл аймагындагы коомдук алдын алуу борборунан баштады. Аталган коомдук борбордогу укук бузууларды алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурду. Мындагы милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө, аксакалдар сотуна, аялдар кеңешине жана жаштар комитетине түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышты.
Жеңиш Жоробеков аталган борбордо кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү иштер кагаз жүзүндө эмес, чындыгында коомчулук менен бирге ыраттуу иштер жүрүп жаткандыгына күбө болду. Аксакалдар сотуна түшкөн арыз-даттануулар өз учурунда каралып, үй-бүлөлүк араздашууларды оң тарапка чечкен фактылар көбөйгөнүн, аялдар кеңешинин, жаштар комитетинин жана милициянын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иштери жакшы жолго коюлгандыгын баса белгилеп, бул борбордун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, облустук милициянын начальниги кылмыштуулуктун алдын алууда- жаштардын кажыбас кайраты, аксакалдардын бай тажрыйбасы чоң өбөлгө түзө тургандыгына токтолду.
Ушундай алгылыктуу иштерди башка айылдарга да жайылтууну сунуштап, жакшы шарттарды түзүп берген жергиликтүү бийлик жетекчилерине ийгиликтерди каалады. Бул багытта өзү дагы колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Облустук милициянын начальнигинин андан аркы иш сапары Ноокат райондук ички иштер бөлүмүндө уланды. Аталган бөлүмдүн иш бөлмөлөрүнүн, убактылуу кармоочу жайдын, спорттук залдын абалы жана жылуулук берүү тутумунун жабдуулары менен таанышып чыкты. Көйгөй жараткан айрым бир маселелерди жоюу боюнча тапшырмаларды берип, ал маселелерди чечүү максатында колдоо көрсөтүүнү убадалады. Нөөмөт бөлүмүндө жайгашкан район аймагында коюлган видеокөзөмөл камералардын базасынын абалына саресеп салды. Жыйындар залында өздүк курам менен таанышып, кызыккан суроолоруна жооп берди жана ИИМ тарабынан коюлган 5 багытты турмушка ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Андан соң, Жеңиш Жоробеков Араван районунун Төбө-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнө барды. Анда өздүк курам менен жакындан таанышып, имараттагы иш бөлмөлөрдүн шарттарын текшерип чыкты. Мындагы аймактык милиция кызматкерлеринин иш кагаздарды жүргүзүү тартибине, кызматтык формаларынын камсыздалышана көңүл бурду.
Бүгүнкү иш сапарынын аягында Жеңиш Жоробеков райондун аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда аткарылып жаткан ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Араван РИИБдин өздүк курамы жана ардагерлери менен жолугушту.
Мындан сырткары райондун аймагындагы укук бузууларды алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо калк менен милициянын кызматташуусунун абалы боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким менен баарлашты. Бул багытта райондук администрация тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды.
Кийинки жолугушуу Кара-Суу районунун аймагында уланмакчы.




