Коом

Баткен шаарында катталган 2 уурулуктун бети ачылды

Баткен шаарынын 40 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүндө белгисиз атуулдар тарабынан медициналык аппараттарын уурдап кетип, жалпысынан 35 миң сомдук зыян келтиргенин билдирип, арыз менен милицияга кайрылган. Ошондой эле Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 39 жаштагы тургуну өзү жашаган үйдөн түн ичинде белгисиз жарандар тарабынан үй буюмдарын жана колдонуп жүргөн ноутбугун уурдап, жабырлануучуга 50 миң сом зыян келтиргенин билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул арыздар Баткен ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, ыкчам кызматкерлер тарабынан иликтөө иштери жүрө баштайт.
Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Баткен шаарынын тургуну 24 жаштагы Н.А. Баткен шаарынан аныкталып кармалды.
Кылмышка шектелип кармалган жаран жабырлануучуларга келтирген зыянды калыбына келтирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button