Коом

Ошто 8 жаштагы баланы иттер талап каза тапты

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 8 жаштагы тургуну итке таланып каза болду. Бул маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кечээ, 22-октябрда, райондук милицияга Кара-Гуз айыл аймагындагы 2017-жылы туулган М.А. аттуу баланы ит талап, каза болгондугу тууралуу ооруканадан билдирүү түшкөн.

Учурда бул факты каттоого алынып, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button